• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте эркек киши 8-кабаттан боюн таштап каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 8–кабатынан эркек киши боюн таштаган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, саат 08:35тер чамасында 8-кабаттан секирем деп жаткан жаран тууралуу ыкчам билдирүү түшкөн.

Куткаруучулар жерине 10 мүнөттүн ичинде жетип келип, 8-кабаттын терезесинде отурган эркек кишини көрүшкөн. Жеринде жүргөн милиция кызматкерлери билдиргендей, ошол жарандын айтымы боюнча, батирдин ичиндеги адамдар аны секир деп кыйнап жатышкан. Ага байланыштуу милиция кызматкерлери куткаруучуларга эшикти ачууга уруксат бербей, ыкчам топтун келишин күтүүнү айтышкан.

Терезеде отурган жаран куркаруучуларга өзү секирүүнү каалабагандыгын айтып, бирок батирдин ичиндеги адам аны кыйнап жаткандыгын билдирген.

Куткаруу иштерин үйдүн чатыры аркылуу жасоого мүмкүнчүлүк болгон эмес, анткени чатырга чыгуу жеткиликтүү эмес жана чатыр өзү куткаруу иштерин жүргүзүүгө ыңгайлуу эмес болгон.

Узун тепкичтерди колдонуу үчүн АКП-50 атайын техникасы чакырылып, бирок жаран секирип кеткендиктен, кайра кайтарылган.

Ыкчам топтун келүүсүн күтпөгөн милиция кызматкерлери жана куткаруучулар тарабынан эшикти ачуу боюнча чечим кабыл алынып, бирок ошол маалда саат 9:25де эркек киши боюн таштаган. Ал эми үйдүн ичинде андан башка эч ким болгон эмес.

Маркумдун өздүгү такталууда. Куткаруучулар ошол жерде 45-мүнөттөн ашык жүрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий