• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте эркек киши аялын өлтүрүп, өгөй баласын бычактап, өзү асынып алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Бишкекте эркек киши аялын өлтүрүп, өгөй баласын бычактап, өзү асынып алган.

Саламаттык сактоо министрлигинен "Кабар" агенттигине билдиришкендей, учурда кичинекей бала ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатат.

"Анын абалы оор. 9 жаштагы баланын көкүрөк тушуна бычак сайылган", - деп билдиришти министрликтен.

Ал эми Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, бүгүн болжол менен саат 12:00дө милиция кызматына, 5-кичи районунда бир үй-бүлөдө чыр чыгып, күйөөсү аялына жана баласына бычак сайганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барган. Алар айтылган үйдөгү батирге барганда бычактан жаракат алган аялдын жансыз денесин жана жуунуучу бөлмөдө асынып турган адамдын денесин табышкан. Ал эми 9 жаштагы баланы тез жардам кызматы 3-шаардык балдар ооруканасына жандандыруу бөлүмүнө алып кеткен.

Бул окуя боюнча тиешелүү иштер жүрүүдө. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет

Пикир

Оставить комментарий