• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте эркек киши көпүрөдөн кулап кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Бишкекте эркек киши көпүрөдөн кулап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь районундагы А.Токомбаев проспекти жана Сухэ-Батор көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн каналга 40-45 жаштагы эркек адам (аты-жөнү такталууда) кулап кеткен.

Куткаруучулар жаранды каналдан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жерине 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий