• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Спорт 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алган.

Бүгүн аренага 57 кг, 65 кг, 74 кг, 86 кг жана 97 кг салмактык категорияларында 116 спортчу чыккан.

Турнирге өлкө боюнча 250 спортчу катышат.

Спортчуларды колдоо үчүн алардын туугандары жана жакындары келген. Бул биринчиликтин аякташы менен грек-рим күрөшү боюнча спортчулар беттешишет.

Пикир

Оставить комментарий