• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте эркин күрөш боюнча өлкөнүн чемпионаты башталды

Спорт 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 29-январда эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 29-30-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлөт.

Бүгүн балбандар 5 салмак категориясында (97 кг, 86 кг, 74 кг, 65 кг, 57 кг) күч сынашат.

Чемпионат улуттук курама командаларды түзүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана өлкөнүн жаштарынын арасында эркин күрөштү жайылтуу максатында өткөрүлүп жатат.

Мелдеш UWW эл аркалык уюмунун бекиткен эрежелеринин негизинде өтөт. Спорттук иш-чара көрүүчүлөрсүз болуп, бардык санитардык эрежелер сакталат.

Пикир

Оставить комментарий