• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте эшиги жабылып калган батирден 80 жаштагы пенсионердин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.21. /Кабар/. Бишкекте эшиги жабылып калган батирден 80 жаштагы пенсионердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар П. Лумумба көчөсүндө жайгашкан батирдин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 80 жаштагы Л.Ф. аттуу эркек кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эшик ачууга Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий