• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте "Эскерүү шамы" акциясы өттү

Коом 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы паркта "Эскерүү шамы" акциясы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара Октябрь райондук акимчилигинин, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Роскызматташтын жардамы менен "Жеңиш ыктыярчылары" коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

"Эскерүүгө шаардыктар, мектеп окуучулары, Ленинград блокадачылары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери келишти", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Иш-чаранын катышуучулары согушта курман болгон баатырларды, ошондой эле 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, үч миң шам жагышты.

Пикир

Оставить комментарий