• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте эски тышкы суу түтүктөрү алмаштырылууда

Коом 0

Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы эски тышкы суу түтүктөрүн алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Можайский көчөсүн бойлой Манас көчөсүнөн Кызыл-Кыя көчөсүнө чейин эски суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери башталды. Жаңы тармактын узундугу 326 метрди түзөт. Полиэтилен түтүктүн диаметри 160 мм.

Азыркы суу түтүгү 1964-жылы тартылган. Сууну байланыштыруучу түтүктөр тез-тез бузулгандыктан, авариялык бузулушун оңдоо иштери кыйын болгон. Үйлөрдүн ээлери тосмолорун жер тилкелеринин чегинен чыгарып салгандыктан аны алмаштыруу чечими кабыл алынган. Жаңы линия жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой өтөт.

Ошондой эле эки өрт гидранттарын орнотуу, демонтаждоо жана 11 суу кудуктарын орнотуу пландалууда. Алмаштыруу иштери муздак сууну өчүрбөстөн жүргүзүлүүдө.

Оңдоо иштери аяктагандан кийин 26 абонент жаңы суу линиясына өткөрүлөт. Ишти «Бишкексууканал» башкармалыгынын оңдоо-курулуш участкасынын бригадасы жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий