• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте эстеликтерди даңазалоо максатында орнотулган QR коддордун салтанаттуу ачылышы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан Чыңгыз Айтматовдун эстелигининин алдында тарыхый эстеликтерди даңазалоо максатында орнотулган QR коддордун салтанаттуу ачылышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чара 28-сентябрында саат 10:00дө өтүп, ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, “Эсте” коомдук фондунун президенти Айбек Кыштобаев жана коомдук ишмер Эльдар Айтматовдун катышуусу күтүлүүдө.

“Este.kg” долбоорунун башкы максаты — бүткүл дүйнөгө жана жарандарга алдыңкы технологиялар аркылуу өлкөнүн маданий мурасы тууралуу көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.

Пикир

Оставить комментарий