• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Евразиялык жумалык” форуму өтөт

Экономика 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Бишкекте Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин “Евразиялык жумалык” эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди.

Анын айтуусу боюнча, форум мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында 25-27-сентябрь күндөрү өтөт.

“IV эл аралык форумдун күн тартибине Бирикме тууралуу келишимдин беш жылдыгы, өнөктөштөр менен кызматташууну өнүктүрүү, интеграциянын жаңы бутактарын аныктоо жана жаңы бизнес-аянтчаларды түзүү маселелерин талкулоо кирет. Форумда 20дан ашуун аянтчаларды уюштуруу пландалууда”, - дейт Алишеров.

Министрдин орун басары белгилегендей, Евразиялык жумалыкта негизги орунду айыл чарба жана тамак өнөр-жайга арналган көргөзмө ээлейт.

“Көргөзмөгө катышууга бир гана тажрыйбасы чоң ишкерлер эмес, жаңы ишмердүүлүк менен алектенип баштаган компаниялар да чакырылат. Бул форум төртүнчү ирет өткөрүлүүдө. Иш-чара өзүн ЕАЭБ өлкөрүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугу, маморгандары жана эксперттери үчүн бизнес жаатындагы маселелерди талкуулоо үчүн эркин аянтча катары жакшы көрсөткөн”, - дейт Алишеров.

Ал эми Инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Нурлан Арипов белгилегендей, форумдун популярдуулугу эл аралык ишкерлердин арасында өсүүдө. “Иш-чарага чет элдик бизнесмендер, жада калса Африка өлкөлөрүнүн бизнесмендери кызыгууда. Форум - бул тажрыйба менен бөлүшүү жана бизнестин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн мыкты аянтча”, - дейт Арипов.

Маалымат жыйындын катышуучулары билдиргендей, форумга катышуу акысыз. Ал үчүн иш-чаранын расмий сайтына (www.eurasianweek.org.) катталуу керек.

Пикир

Оставить комментарий