• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте "Евробиримдик жана Борбор Азия" форуму өтүп жатат

Саясат 0

Бишкек, 06.07.19. /Кабар/. Бишкекте "Евробиримдик жана Борбор Азия" форуму өтүп жатат. Иш-чаранын расмий ачылышына Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Петер Буриан катышып, 6-7-июль күндөрү өтө турган форумда Европа биримдиги менен Борбор Азиянын жакында кабыл алынган кызматташтык боюнча жаңы стратегиясы талкуулана тургандыгын билдирди.

Ал өз сөзүндө ЕБ жалпы Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон кызматташтыкка өзгөчө көңүл бура тургандыгын билдирди.

Маалым болгондой, форумдун экинчи бөлүгүнө Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини катышат.

Эртең, 7-июлда Евробиримдик жана Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусу өтөт.

Пикир

Оставить комментарий