• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте европалык кино фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 8-май /Кабар/. 11-14-майда “Манас” кинотеатрында европалык кино фестивалы өтөт. Бул тууралуу КРдагы ЕБ өкүлчүлүгү билдирди.

Төрт күн бою бардык каалоочулар Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн 10 жаңы тасмасын негизги тилдерде орус субтитрлери менен көрө алышат.

Тасмалар ЕБ катышуучу-өлкөлөрү – Улуу Британия, Германия, Франция, Италия, Чехия, Словакия, Словения, Венгрия, Испания жана Эстония тарабынан сунушталган.

Фестивалга кирүү акысыз, бирок билеттерди Ticket.kg сайтынан брондоп коюу керек. Ар бир адам 6дан ашпаган билет ала алат.

Фестиваль КРдагы ЕБ өкүлчүлүгү тарабынан Биримдиктин катышуучу-өлкөлөрүнүн аккредиттелген элчиликтери менен биргеликте Кыргызстан менен Европа Бирлигинин маданий байланыштарын бекемдөө үчүн уюштурулууда.

Мындан тышкары, иш чара Европа күндөрүн белгилөөгө жана Европа Биримдигинин 60 жылдыгына арналган.

Пикир

Оставить комментарий