• 82
  • 84.48
  • 1.35

Бишкекте Expo-Russia Kyrgyzstan 2022 I эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өтүүдө

830 кароо Экономика 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Бишкекте Expo Eurasia – 2022 жана Бишкек бизнес-форумунун алкагында Expo-Russia Kyrgyzstan 2022 өнөр жай көргөзмөсү өтүүдө.

Өнөр жай көргөзмөсү 21-23-июнь күндөрү Бишкектеги “Аю Гранд” соода борборунда кадимки режимде, ал эми www.ExpoRF.ru жана www.ExpoEurasia.org порталдарында онлайн режимде өтүүдө.

Көргөзмөнү Россиянын "Зарубежэкспо" акционердик коому жана Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы биргеликте уюштурду.

Көргөзмөгө Кыргызстандан 100гө жакын компания, мындан тышкары Россия менен Ирандан келген компаниялар да катышууда.

Көргөзмө өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү жана өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий