• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте Fashion Show өтүп, ага “Кыргызстан сулуусу – 2018” сынагынын катышуучулары модель катары катышат

Коом 0

Бишкек, 05.11.18. /Кабар/. Бишкекте эртең Fashion Show мода көрсөтүүсү өтүп, ага “Кыргызстан сулуусу – 2018” сулуулук сынагынын катышуучулары модель катары катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Иш-чара эртең саат 18:00дө Asia Mall оюн-зоок борборунда өтөт.

Сулуулар өлкөнүн жаш жана белгилүү дизайнерлеринин этно, заманбап жана кечки көйнөктөрү менен подиумдан басышат.

Ал эми сулуулук сынагы өзү Бишкекте 14-ноябрда өтөт.

Быйылкы “Кыргызстан сулуусу” биринчи жолу “Miss World” эл аралык сынагынын өкүлдөрүнүн жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу астында уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий