• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “FASHION WEEK KYRGYZSTAN 2018» күзгү мода жумалыгы башталды

Коом 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Бишкекте “FASHION WEEK KYRGYZSTAN 2018” күзгү мода жумалыгы башталды

Эске салсак, “FASHION WEEK KYRGYZSTAN 2018” чыгармачыл жаштарды колдоо жана өнүктүрүү борбору эки жыл эс алуудан соң өз ишин жаңыртты.

Мода жумалыгынын ачылышында төмөндөгү белгилүү кыргыз дизайнерлеринин эмгектери көрсөтүлдү: Мадина Тапаеванын “САМШИТ” бренди, Айдай Асангулованын “AIDAI” бренди, Жумагүл Сариеванын “Chapan HM” бренди, Татьяна Воротникованын “TATIANA VOROTNIKOVA” бренди, Миррахим Опоштун “SHERDEN” бренди, Татьяна Лякинанын “TATIANA LYAKINA” бренди, Чынара Мамажакыпованын “CHYNARA MAMAZHAKYPOVA” бренди.

Ошондой эле бүгүн дизайнерлердин Жылдын саркеч бренди номинациясына сынактык көрсөтүүсү болот. 15-ноябрда жаш дизайнерлердин THE NEXT FASHION сынактык көрсөтүүсү болот. Ал эми 16-ноябрда сынактык программалардын жеңүүчүлөрүнүн гала көрсөтүүсү орун алат.

Пикир

Оставить комментарий