• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте финансылык технологияларды өнүктүрүү маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 25-октябрында Бишкек шаарында Улуттук банк тарабынан Эл аралык финансылык корпорациясы (IFC) менен биргеликте уюштурулган «Кыргыз Республикасында финансы секторун санарип трансформациялоо: келечеги, көйгөйлөр, чечимдер» темасында тегерек стол маеги болуп өттү. Бул тууралуу КР Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тегерек стол маегине Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Эл аралык финансылык корпорациясынын (IFC), эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктардын, “Кыргызстан банктарынын союзу” юридикалык жактар бирикмесинин, коммерциялык банктардын, Төлөм системаларынын операторлору ассоциациясынын, Уюлдук операторлор ассоциациясынын, Электрондук коммерция ассоциациясынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Тегерек стол маегинин катышуучулары менен саламдашып жатып Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев бардык кызыкдар болгон тараптар өз ара иш алып барууда, анын ичинде мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулук ортосунда маалымат алмашуу жагында тыгыз иш алып барууда гана санарип технологияларды колдонууга киргизүүгө жана аларды натыйжалуу колдонууга боло тургандыгын белгиледи.

Жөнгө салуу органынын башчысы финансылык технологияларды өнүктүрүү жагында Улуттук банктын жүргүзүп жаткан чаралары тууралуу маалымат берип, борбордук банк мындан ары да санарип банктык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын эске алуу менен банк системасын өнүктүрүү саясатын жүргүзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

«Финансы сектору жаңы технологияларды колдонууга киргизүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди кылдат иликтөө менен калктын, бизнес керектөөлөрдүн учурдун талабына ылайык финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу аркылуу инновациялык технологияларды өнүктүрүү жана колдонууга киргизүү ишин мындан ары да улантат деп ишенем», - деп кошумчалады Бөкөнтаев.

Тегерек стол маегинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын финансы секторун санарип трансформациялоонун, маркетплейстердин жана башка санарип продукттардын учурдагы абалы, аларды өнүктүрүү тенденциялары, ошондой эле жөнгө салуу аянтчасын колдонууга киргизүү жана Open-banking концепциясын жүзөгө ашыруу жагында эл аралык тажрыйбалар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий