• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Форд” токтоп турган унааны сүзүп, күнөөкөр окуя болгон жерден качып кетти

Кырсык 0


Бишкек, 13.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги 4-төрөт үйүнүн жанында “Форд” үлгүсүндөгү унаа токтоп турган унааны сүзүп алган. Күнөөкөр окуя болгон жерден кетип калган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Окуянын күбөлөрү интернетке тараткан видеодо көрүнүп тургандай, “Форд – Escape” унаасы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унааны сүзүп, ал болсо “Хонду Одиссей” менен кагылышкан. “Форд” унаасын мас кыз айдап бара жаткандыгы айтылууда. Видеодо ал араң эле бутунда тургандыгы көрүнөт.

Жол коопсуздугу башкармалыгынын басма сөз кызматы, унааны мас кыз башкарып бара жаткан деген маалыматты төгүндөштү.

“Күбөнүн айтымына караганда “Форддун” кожоюну унааны окуя болгон жерге таштап, унаанын ичинде болгон кыз менен качып кеткен. Учурда айдоочу изделүүдө”,-деп билдиришти.

Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий