• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте фортепиано сабагы боюнча шаардык жана аймактык музыкалык окуу жайлардын окутуучулары үчүн семинар өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайынын базасында фортепиано сабагы боюнча шаардык жана аймактык музыкалык окуу жайлардын окутуучулар үчүн семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Семинардын негизги максаты балдардын музыкалык мектептери, орто кесиптик окуу жайлар жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери үчүн кесипке багыт берүү иши, усулдук алмашуу жана «үч деңгээлдүү звенонун өз ара байланышын бекемдөө болуп саналат.

М.Күрөңкеев атындагы КММУнун алдыңкы усулчулары жана окутуучулары тарабынан иштелип чыккан усулдук баяндамалар жана мастер-класстар кесиптик багыт берүү жана искусство мектебинин мугалимдеринин педагогикалык квалификациясынын деңгээлин колдоого багытталат.

Семинарга Бишкек шаардык балдар музыкалык мектебинин адистери жана республиканын бардык аймактарынан балдар искусство мектептеринин 150 мугалим катышууда. Окуунун аягында бардык мугалимдерге сертификат тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий