• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте фостердик үй-бүлөлөрдө 11 бала тарбияланууда

Коом 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Учурда Бишкек шаарында 6 фостердик үй-бүлөдө 11 бала тарбияланып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгында шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын, үй-бүлөлөрдү коргоо бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлеринин жана "Кыргызстандын SOS Балдар айылы" өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрүлдү.

"Жолугушууда шаарда жигердүү маалымат кампаниясын жүргүзүү жана фостердик үй-бүлөлөргө кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери талкууланды", - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы билдиргендей, фостердик үй-бүлө программасына катышууну каалагандар болсо, анда райондордун үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө кайрылууга болот:

Октябрь району: 510375, 0772637987 - Назгүл Солтонбаева;
Ленин району: 882224, 883899, 0708266216 - Жамиля Эрмекова;
Свердлов району: 530576, 0706821676 - Тамара Акжолтоева;
Биринчи май району: 67-03-86, 0500212603 - Жолоева Исада.

Пикир

Оставить комментарий