• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте франкофония жумалыгы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Бишкекте 13-17-мартта франкофония-2017 жумалыгы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, иш-чараны «Французский Альянс» Швейцария, Франция, Бельгия менен биргеликте өткөрөт.

Франкофония – бул дүйнө жүзүндө жыл сайын марттын ортосунда белгиленүүчү француз тилинин жана француз тилдүү өлкөлөрдүн маданиятынын фестивалы болуп саналат. Фестивалдын уюштуруучулары кеңири көрүүчүлөргө француз тилдүү өлкөлөрдүн тилдик жана маданий ар түрдүүлүгүн баалоону шарттаган программа даярдашкан.

Франкофония жумалыгынын ачылышында 13-мартта Россия кинотеатрында саат 17:30да “Маргарита” тасмасы көрсөтүлөт. Мында Франция, Швейцария жана Бельгиянын элчилери Франкофония-2017 жумалыгын ачышат.

Швейцариялык “Бубуль” тасмасы “Россия” кинотеатрында 15-мартта саат 18:00дө көрсөтүлөт. Бельгиялык анимациялык “Тери түсү: бал түс” Туризм академиясынын чоң залында 17:30да башталат. Бардык тасмалар француз тилинде болуп, орусча субтитрлери менен берилет.

Бул жумалыктын алкагында салттуу болуп калган иш-чаралар өтөт: кулинардык ателье, заманбап француз ырынын сынагы, театралдык сынак, француз шараптарынын кечеси, “Петанк” француз оюну ж.б.

Мындан тышкары, 17-мартта саат 18:00дө швейцариялык музыкант Джеки Лаггердин катышуусундагы француз тилиндеги концерт Борбор Азиядагы Америка университетинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий