• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте француз тилинин жана маданиятынын жумалыгы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Бишкекте француз тилинин жана француз тилдүү өлкөлөрдүн маданиятынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Бишкектеги Француз Альянсы билдирди.

Франциянын КРдагы элчиси Микаэл Рунун айтымында, иш-чаралар 11-16-март күндөрү болуп өтөт.

"Дүйнө жүзүндө 300 млн. адам француз тилинде сүйлөшөт. 88 мамлекет Франкофония уюмунда мүчө болуп, анын 29 өлкөсүндө француз тили расмий деп таанылган", - деди ал.

Анын айтымында, Бишкекте өтө турган иш-чара кыргызстандыктарды алардын маданияты менен тааныштыруу максатында уюштурулууда.

Алдыда өткөрүлө турган маданий иш-чаралар кайсы жерде болорун алардын фейсбуктагы Alliance francaise de Bishkek баракчасынан билүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий