• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте футбол аянтчасында каза болгон 11 жаштагы баланын өлүмү боюнча экспертиза дайындалды

Кырсык 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Бишкектеги футбол аянтчасында каза болгон 11 жаштагы баланын өлүмү боюнча экспертиза дайындалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, бир нече күн мурун калаадагы №29 мектептин аймагында 11 жаштагы баланын үстүнө футбол дарбазасы түшүп кетип каза болгон.

ШИИБдин маалыматы боюнча, учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

“Экспертиза жыйынтыкталгандан кийин иликтөө кайрадан уланат”, - деп кабарлашты милициядан.

Учурда бул факты боюнча иш Ленин райондук ИИБдин көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий