• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарына даярдыктар башталды

Спорт 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 8, 11 жана 14-июнь күндөрү өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарына даярдык көрүү боюнча көчмө жыйын өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Жыйынга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Нурдин Букуев жана стадиондун башкармалыгы катышты.

Жыйындын алкагында стадионду оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүү, трибуналарды даярдоо, футбол талаасына зарыл болгон шарттарды түзүү жана жашылдандыруу, оюн өтүп жаткан учурда тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу иштери талкууланып, атайын уюштуруучулар тобу түзүлсүн деген тапшырма берилди.

Министр учурда өлкөдө футболго кызыккандардын саны көбөйүп жатканын баса белгилеп, дегеле футбол боюнча курама команда эл аралык аренага чыгуусуна көмөк көрсөтүү керек экендигин айтты.

Белгилей кетсек, 8, 11 жана 14-июнь күндөрү Азия кубогунун тандап алуу беттештери өтөт. Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапур командалары менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий