• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте футбол боюнча кыздар арасында (U-16) турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 15.07.18. /Кабар/. Футбол боюнча 16 жашка чейинки өспүрүм кыздар арасында “Үмүт” эл аралык турнири болот. Спорттук иш-чара Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 17нен 21-июлуна чейин өтөт. Турнир Азия-2019 чемпионатына тандоо турниринин алкагында өткөрүлүүдө.

Турнирге Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын өспүрүм кыздар курамалары катышат. Оюндардын бардыгы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

“Үмүт” турниринин алкачкы беттешинде Тажикстандын курамасы (машыктыруучу Тоджиддина Наботова) менен Кыргызстандык спортчулар оюн көрсөтүшөт, - деп билдирет Тажикстандын футбол федерациясы. Беттеш 17-июлга пландалган.

Пикир

Оставить комментарий