• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте футбол тармагы боюнча жылдын мыктылары сыйланат

Спорт 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Бишкекте быйылкы сезондун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын футбол тармагындагы эң мыктыларын сыйлоо аземи өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Кыргыз футбол бирикмеси футболдогу жетишкендиктер үчүн жыл сайын өтүүчү, индивидуалдуу сыйлыктарды тапшыруу аземин өткөрөт.

Салтанаттуу азем 2022-жылдын 7-декабрында өтүп, сыйлыктар төмөнкү категориялар боюнча өз ээлерин табат:

- Кыргызстандын мыкты футболчусу;
- Профессионалдык футбол лигасынын мыкты оюнчусу;
- Кыз-келиндер футболунун мыкты оюнчусу;
- Футзалдын мыкты оюнчусу;
- Футболдун мыкты жаш оюнчусу;
- Футболдун мыкты машыктыруучусу;
- Футзалдын мыкты машыктыруучусу;
- Футболдун мыкты калысы;
- Футзалдын мыкты калысы;
- Мыкты спорттук уюму.

Пикир

Оставить комментарий