• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте футзал боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Кыргызстандын курамасы жеңүүчү болду

Спорт 0

Бишкек, 19.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр арасындагы курама командасы (U-17) Бишкекте өткөн эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Мелдеш Бишкек шаарында дем алыш күндөрү өтүп, ага төрт команда катышкан: Кыргызстандын курама командасы – 1, КР курама командасы – 2, Алматыдан келген "Кайрат" жана Ош шаарынын командасы.

Чечүүчү беттеште Кыргызстандын биринчи курама командасы менен Казакстандын командасы ойногон. Жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар 2:1 эсебинде "Кайратты" утуп алган. Үчүнчү орунга Кыргызстандын экинчи курамасы татыган.

Пикир

Оставить комментарий