• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте футзал боюнча кыздар арасында өлкөнүн чемпионаты башталды

Спорт 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Бишкекте футзал боюнча кыздар арасында (U-16) Кыргызстандын чемпионатынын биринчи туру башталды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Чемпионат Бишкектеги "VIVAT" комплексинде өтүүдө.

Мелдешке 7 команда: "Беловодск", "Таш-Көмүр", "Теңир-Тоо", "Кызгалдак", "Ысык-Көл", "Балдар жана өспүрүмдөр арасындагы спорт мектеби" (Чүй облусу) жана "Азалия - олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектеби" (Бишкек шаары) катышат.

Оюндар 10-14-февраль күндөрү өткөрүлөт.

10-февралдагы футзал боюнча Кыргызстандын чемпионатынын биринчи турунун жүгүртмөсү:

11:00 "Беловодск" – "Теңир-Тоо";

12:00 "Кызгалдак" – "Азалия - олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектеби";

13:00 "Ысык-Көл" – "Таш-Көмүр".

Пикир

Оставить комментарий