• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте футзал боюнча "Наристе – 2020" аталышындагы эл аралык мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Бишкекте футзал боюнча "Наристе – 2020" аталышындагы эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 2-10-январь күндөрү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жана башка спорт комплекстеринде өткөрүлөт.

Мелдеш 4 тайпага бөлүнөт. Биринчи тайпага 23 жаштан жогору болгон мамлекеттик кызматкерлеринин командасы, экинчиге 35 жаштан жогору болгон ардагерлер командасы, үчүнчүгө 45 жаштан жогору болгон ардагерлер командасы жана төртүнчүгө 55 жаштан жогору болгон ардагерлер командасы күч сынашат.

Мелдеште жеңүүчү аталган командага жана мыкты оюнчуга медаль жана Спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекциясынын 1,2,3-даражадагы дипломдору ыйгарылат.

Эл аралык жарышты уюштурууга аталган дирекциянын бюджетинен 129 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий