• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте футзал боюнча "Наристе – 2020" эл аралык мелдеши жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Бишкекте футзал боюнча "Наристе – 2020" эл аралык мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 3-8-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү.

Сыйлык тапшыруу аземине Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, "Наристе – 2020" эл аралык мелдештин уюштуруу комитетинин өкүлү Алмаз Абытов жана мелдештин башкы калысы Ырыскелди Мусаев катышты.

Эл аралык мелдешке жалпы жонунан 52 команда катышкан. Алардын экөө Казакстандан келген команда.

Мелдеш төрт тайпага бөлүнүп өткөрүлгөн:

Мамлекеттик кызматтагылар арасында:

1-орун – Мамлекеттик бажы кызматы;

2-орун – Ички иштер министрлиги;

3-орун – Мамлекеттик чек ара кызматы.

35 жаштан жогорку ардагерлер арасында:

1-орун – "Фарватер";

2-орун – "Класс";

3-орун – "Алга".

45 жаштан жогорку ардагерлер арасында:

1-орун – "Нооруз";

2-орун – "Ноокат";

3-орун – "Алга".

55 жаштан жогорку ардагерлер арасында:

1-орун – "Ак-Булак" Кант;

2-орун – "Восток-Премиум";

3-орун – "КР Эсептөө палатасы".

Пикир

Оставить комментарий