• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте футзал боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир башталды

Спорт 0

Бишкек, 16.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, Бишкекте футзал боюнча өспүрүмдөр (U-17) арасында эл аралык турнир башталганын Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, беттешке Кыргызстандын эки курама командасы, Алматыдан келген "Кайрат" клубу жана Ош шаарынын командасы күч сынашат.

Командалар төмөнкү күндөрү беттешет:

1-тур 16-августта

17:00 Кыргызстан-1 – Кыргызстан-2,

18:30 Ош – "Кайрат",

2-тур 17-августта

14:00 Ош – Кыргызстан-1,

15:30 "Кайрат" – Кыргызстан-2,

3-тур 18-августта

10:00 Кыргызстан-2 – Ош,

11:30 Кыргызстан-1 – "Кайрат",

Оюн Бишкектеги "Алай" спорт комплексинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий