• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Гүлсайра Момунованын 80 жылдык кечеси өтөт

Маданият 0

Бишкек, 05.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 5-январында саат 17:00 дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында Кыргыз Эл акыны Гүлсайра Момунованын 80 жылдык салтанаттуу мааракесине арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Белгилей кетсек, Гүлсайра Момунованын 30 дан ашуун ырларына обондор жазылып, эл арасында ырдалып жүргөнү көпчүлүккө маалым.

Аталган иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов, акын-жазуучулар, чыгармачыл интеллигенция, акындын чыгармачылыгын баалаган окурмандары, күйөрмандары катышышат.

Пикир

Оставить комментарий