• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте гараж кооперативинен өрт чыгып, 2 адам каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Бишкектин №21-ГККдан (гараж куруу кооперативи) өрт чыгып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, гараж кооперативинин жыгач устундуу калай жабылган 70 чарчы метр эки кабаттуу имараттын чатыры, экинчи кабатында кароолчунун бөлмөсүнүн гипсокартон шыбы, дубалдары, эмеректер күйгөн.

Өрт болгон жерде эки эркек адамдардын сөөгү табылган (аты-жөнү такталууда).

Пикир

Оставить комментарий