• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте газ менен жүргөн жол тандабас жарылып кетти. Видео

Коом 0


Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Рухий-Мурас жаңы конушунда газ менен жүргөн “Лексус” жол тандабасынан газ чыгып, унаа жарылып кетти.

Айдоочуну тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, айдоочу дүкөндөн чыгып, унаага отуруп, тамеки чеккенде жарылуу болгон.

Бишкек шаардык милициясынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, учурда окуя жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий