• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте генерал-майор Иван Панфиловдун жаңыланган эстелиги ачылды

Коом 0

Бишкек, 05.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарынын И. Панфилов атындагы паркында Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун жаңыланган эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Э. Тердикбаев, Россия Федерациясынын Свердлов областынын эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В. Козлов, КР Куралдуу Күчтөрүнүн Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын өздүк курамы жана шаар тургундары, келген коноктор катышты.

Иш-чарада генерал-майор И. Панфиловду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришип, Ардак кароол ротасынын 3 жолку залп менен ок атуусу болду. Ошондой эле эстеликке гүл чамбарлар коюлду.

Иш-чара И. Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жана Улуттук гвардиянынын ардак кароол ротасынын саптык жүрүшү менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий