• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте грэпплинг боюнча КРнын ачык чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 19-апрель /Роман Гайнанов – Кабар/. Кечээ Бишкекте «Газпром» спорт комплексинде «Open Championship Grappling ADCC Kyrgyz Republik» боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өттү.

Биринчиликке Кыргызстандын 150дөн ашык спортчусу, 16 мушкердик клубу катышты.

КР грэпплинг ADCC федерациясынын президенти Кенжебек Чекиров белгилегендей, грэпплинг – бул универсалдуу күрөш, ал күрөштүн бардык өкүлдөрүнө беттешүү мүмкүндүгүн берет. “Чемпионат 1 күн өттү. Мындан тышкары, биринчиликтин алкагында грэпплинг, ММА, самбо, салгылашуу боюнча Азиянын жана дүйнөнүн чемпион-мушкерлеринин 15 мүнөттүк таймашы болду. Мелдештер жеңишке чейин уланды”, -деди ал.

Грэпплинг боюнча чемионаттын жеңүүчүлөрү Мусаев Адилет (76,9 кг салмак категориясында), Өмүрзаков Бексултан (87,9 кг), Садырбек уулу Узак (99 кг), Адиев Курманбек (99 кг жогору) болушту.

Пикир

Оставить комментарий