• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте грэпплинг жана ММАга ылайыкташтырылган жаңы спортзал ачылды

Спорт 0

Бишкек, 14-март /Роман Гайнанов – Кабар/. Кечээ Бишкекте грэпплинг жана ММА үчүн ылайыкташтырылган жаңы спортзалдын расмий ачылышы болду.

КР ADCC Грэпплинг федерациясынын президенти Кенжебек Чекировдун айтымында, жаңы спортзал – бул мобилдүү, заманбап, жакшыртылган грэпплинг жана ММА үчүн ылайыкташтырылган спорттук клуб.

“Бул аралаш мушташ клубу коммерциялык эмес, социалдык болуп эсептелет. Жаңы клубдун негизги максаты – аралаш мушташтарды жана грэпплингди өнүктүрүү, өлкөнү эл аралык аренада тааныткан жаңы спортчуларды тарбиялоо”, - деди ал.

Ошондой эле, К.Чекиров бүгүнкү күндө Федерациянын милдети жаштарга адептүүлүк, намыс жана абийирди спорт аркылуу түшүндүрүү экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий