• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Honda Fit электр түркүгүн сүзүп, жүргүнчү каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 07.03.21 /Кабар/. Бишкектеги А. Токомбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кырсык бүгүн, 7-мартта болжол менен эртең мененки саат 8:10да болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, Honda Fit унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, электр түркүгүн сүзүп алган. Жыйынтыгында унаанын ичиндеги жүргүнчү каза болгон, учурда маркумдун өздүгү такталууда.

Окуянын чоо-жайын териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий