• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Honda унаасы көпүрөдөн кулап түштү

Кырсык 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Бишкектеги Лев Толстой көчөсү менен Манас проспектиси кесилишкен жердеги көпүрөдөн түндө болжол менен саат 03:30да “Хонда” үлгүсүндөгү унаа кулап түшкөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине шаардык автоинспекция кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, унаа чыгыштан батышты көздөй бара жаткан. Айдоочу рулду башкарууну жоготуп, унаа Манас проспектисиндеги көпүрөдөн учуп түшкөн.

Тез жардам кызматы кызды ар түрдүү жаракаттар менен 4-шаардык ооруканага жеткиришкен. Унаа атайын айып токтоотуучу жайга киргизилген. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий