• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды дем алыш күндөрү дагы кабыл алууда

Коом 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Балдар арасында респиратордук оорулардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды дем алыш күндөрү дагы кабыл алууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды төмөнкү иш сааттары менен кабыл алууда:

- иш күндөрү жана ишемби күнү саат 08.00 дөн 18.00гө чейин;
- жекшемби күнү саат 08.00 дөн 14.00гө чейин.

Мындан тышкары, ҮМБнын дарыгерлери ишемби жана жекшемби күндөрү саат 08.00дөн 20.00гө чейин Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө нөөмөттө болушат.

Бишкек шаарынын мэриясы суук тийген оорунун белгилери пайда болгондо (дене табынын көтөрүлүшү, мурундун бүтүшү, жөтөл, ангина) шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлерине кайрылууга жана оорунун баштапкы стадиясында эле алдын алууга чакырат.

Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун каттоо жайларынын актуалдуу телефондору:

  • №1 ҮМБ - 0312 64 45 42;
  • №2 ҮМБ - 0312 21 03 57;
  • №3 ҮМБ - 0312 32 52 32;
  • №4 ҮМБ - 0312 43 39 07;
  • №5 ҮМБ - 0312 63 51 23;
  • №6 ҮМБ - 0312 57 02 84;
  • №7 ҮМБ - 0312 66 20 44;
  • №8 ҮМБ - 0312 42 69 62;
  • №9 ҮМБ - 0312 21 17 32;
  • №10 ҮМБ - 0312 67 82 74;

Пикир

Оставить комментарий