• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамды өркүндөтүү маселеси талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу максатында мыйзамды өркүндөтүү маселеси боюнча тегерек стөлдүн ишине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда аялдарга, кыздарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу жаатындагы эл аралык стандарттарга ылайык “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар каралды.

Жылдыз Бакашова аталган маселенин, өзгөчө, COVID-19 пандемиясынын мезгилиндеги актуалдуулугун белгилөө менен, Ички иштер министрлигинин ыкчам маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын бапшталышынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталгандыгын, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30%га көптүгүнө токтолду.

«Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына жооп кайтаруунун конкреттүү механизмдерин иштеп чыгуу максатында мындан мурда «Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» мыйзамы, ошондой эле башка ченемдик-укуктук актылар кабыл алынган. Биз үй-бүлөлүк зомбулукту кооптуу жана жол берилгис көрүнүш катары тааныдык, тийиштүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары жана коомчулук ага каршы күрөшүүсү керек. Бирок белгилүү мыйзам базасына карабастан, жылдан-жылга үй-бүлөлүк зомбулуктун саны төмөндөгөн жок. Бул мыйзам жер-жерлерде толук түрдө иштебей жатат дегенди билдирет», – деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, бүгүнкү күнү Министрлер Кабинети жарандык коомдун, эксперттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу менен Гендердик теңчиликтин улуттук стратегиясынын концепциясын жана 2021-2024-жылдарга карата Иш-аракеттер планын иштеп чыкты. Мындан тышкары, эл аралык өнөктөштөр менен бирдикте Кыргыз Республикасында "Теңдик нуру" өлкөлүк программасын ишке ашыруу боюнча Улуттук жетекчилик комитеттин иши активдештирилди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети бул тегерек стөлдө айтылган бардык сунуштарды карап чыгып, тийиштүү иштерди аткарат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин элчиси Эдуард Ауэр, парламент депутаттары, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана эл аралык коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий