• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте I Эл аралык Пенитенциардык форум өттү

Коом 0

Бишкек, 28-март /Роман Гайнанов – Кабар/. КР Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы Эл аралык абак реформасы уюму менен биргеликте “Сот жообуна тартылгандарды кайрадан социалдаштыруу коомго реинтеграциялоонун позитивдүү процесси катары” I Эл аралык Пенитенциардык форумун өткөрдү.

Форумга Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Норвегия, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн кызматкерлери катышты. Бул тууралуу КР МЖАК басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара БА өлкөлөрүнүн абак кызматтарынын ишмердиги, чет элдик абак кызматтарынын сот жообуна тартылгандардын иш менен алектенүүсү жана өлкөнүн абактагы адамдарынын санын азайтуу маселелери боюнча ишмердиги, абактагыларды кайра социалдаштырууга жарандык коомдун катышуусу каралды. Ошондой эле, “2018-2023-жж. карата сот жообуна тартылгандырды кайра социалдаштыруу жана коомго реинтеграциялоо боюнча мамлекеттик программаны” иштеп чыгуу боюнча сунуштар иштелди.

Пикир

Оставить комментарий