• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте үй менен кошо кожоюну күйүп кетти – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. Бишкекте өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык 9-июнда болжол менен саат 16:20лар чамасында Молодежная көчөсүндө катталган.

Өрттүн натыйжасында үй толугу менен күйүп кеткен жана 1957-жылкы Т.Р.Х., аттуу жаран каза болгон. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, өрттүн келип чыгуу себеби газ түтүкчөсүнүн туура эмес колдонулушу.

Пикир

Оставить комментарий