• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте үй тибиндеги биринчи бала бакча ачылды, эртең дагы экөө иштеп баштайт

Билим 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. 31-майда Бишкек шаарынын Биринчи май районунда үй тибиндеги бир бала бакча ачылды. Эртең, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө дагы экөө иштеп баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бул үй тибиндеги бала бакчалар “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында ачылды.

Бүгүн балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын жетекчилиги алдында долбоорду ишке ашыруучу жумушчу топтун отуруму өттү.

Отурумга билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, министрликтин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн кызматкерлери жана мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери катышты.

Отурумдун катышуучулары жеке ишкерлерди каттоо мүмкүнчүлүгү үчүн жарандарды убактылуу жашаган жери боюнча каттоо боюнча регламенттин долбоорун, мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүнү пландаган адамдарды жана балдарды медициналык кароо маселелерин талкуулашты.

Учурда жеке жактардан “Жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтары" башталгыч курсуна арыздар кабыл алынууда.

Кызыккандар төмөнкү шилтеме боюнча кайрылса болот: https://forms.gle/nBrWAFVfyB5ex5Nq7

Пикир

Оставить комментарий