• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте үй-жайсыз адамдардын баш калкалоочу жайы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Суук аба ырайынын башталышы менен муниципалитеттин туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн баш калкалоочу жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үй-жайсыз адамдар өздөрү келип, жөн гана тамактанып, жылынып кетишет, айрымдары түнөп калышат.

Свердлов районунун акими Мурат Осмонов Фере көчөсү, 34А дарегиндеги баш калкалоочу жайдын ишин текшерди.

18-ноябрга карата баш калкалоочу жайда 55ке жакын адам убактылуу жашайт.

Коопсуздук үчүн милиция кызматкерлери, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери жана медайымдары борбордогу бардык баш калкалоочу жайларда ар дайым нөөмөттө болуп, керектүү медициналык жардамдарды системалуу түрдө көрсөтүп турушат.

Эскерте кетсек, имараттын ичи жаңыланып, айнектери салынып, электр жарыгы, шып жана пол, керебеттер оңдолгон. Төшөктөр (матрац, жууркан, жаздыктар, шейшептер) сатылып алынды.

Пикир

Оставить комментарий