• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте үй-жайы жоктор үчүн баш калкалоочу жайлар иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Аба ырайынын сууктаганына байланыштуу үй-жайы жоктор үчүн баш калкалоочу жайлар күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Баш калкалоочу жайларда коопсуздукту сактоо үчүн райондук милиция кызматкерлери кызмат өтөөдө. Селсаяктарга үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери жардам көрсөтүүдө.

"Аталган жайга жардамга муктаж болгондорду укук коргоо органдары жана тез жардам кызматкерлери алып келиши керек. Көптөгөн селсаяктар өздөрү тамак-аш жегенге жана сууктан жылынуу үчүн келишүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Баш калкалоочу жайлар:

-Свердлов районунун Фере көчөсүнүн 34 "А" дарегинде – 37 адам;

-Биринчи май районунун Жибек-Жолу көчөсүндөгү "Коломто" мекемесинде – 98 адам;

-Октябрь районунун 12-кичи районундагы А. Токомбаев көчөсүндөгү комбинаттын мекемесинде – 50дөн ашык адам;

-Ленин районундагы "Кайрымдуулук борборунда" аялдар балдары менен баш калкалоодо.

Пикир

Оставить комментарий