• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте И.Раззаковдун ишмердигине арналган көргөзмө өтөт

Маданият 0

Бишкек, 24.10.17. /Кабар/. Бишкектеги И.Раззаков атындагы үй музейинде 25-октябрда 11:00дө “1945-1960-жж. И.Раззаковдун Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы” көргөзмөсү өтөт.

Иш-чарага мамлекеттик ишмердин туугандарынын, Раззаков атындагы университеттин жан колледждин студенттеринин катышуусу күтүлүүдө.

Бишкек маданият башкармалыгы билдиргендей, иш-чараны калаанын мемориалдык музейлеринин бириккен дирекциясы жана И.Раззаков Үй-музейи уюштурууда.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Хоросан Бокса айылында, азыркы Баткен облусунун Лейлек районунда шахтердун үй-бүлөсүндө туулган. 8 жашында жетим калып, Ходжентте балдар үйүндө тарбияланган. 1925-29-жж. Өзбек агартуу институтунда (Ташкент) окуп, кийин мында коом таануудан окутуучу болуп иштеген. Андан соң 1931-36-жж. Москва пландык институтунда окуйт.

1950-жылдан 1961-жылга чейин – ал Кыргыз Компартиясынын БК биринчи катчысы болгон.

И.Раззаков 16 жылдан ашуун эң жогорку жана жооптуу кызматтарда иштеп, экономика жана маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Пикир

Оставить комментарий