• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте “Йакын Инкар” агымынын мүчөсү "Народный" дүкөнүн жардырам деп коркуткан – ШИИББ

Кырсык 0

Бишкек, 14.03.18. /Кабар/. Бишкекте “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымынын мүчөсү дүкөндү жардырам деп коркуткан”,-деп билдирет Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 12-мартта Октябрь райондук нөөмөт бөлүмүнө болжол менен саат 03:30 чамасында белгисиз адам Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан “Народный” дүкөнүнө колуна баштык кармап кирип, аны жардырам деп коркуткан.

Окуя болгон жерге Октябрь райондук ИИБнин кызматкерлери барышкан. Көрүлгөн чаралардын негизинде аталган жаран кармалган, ал Ош облусунун 31 жаштагы Н.Т., аттуу жараны болуп чыккан. Тергөөнүн жүрүшүндө ал “Йакын Инкар” агымынын мүчөсү экендиги аныкталган.

Анын колундагы баштыктаны текшерүү учурунда эч кандай жардыруучу зат табылган эмес. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Териштирүү амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий