• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте япон маданиятынын күзгү фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 27.09.18 /Кабар/. 28-сентябрдан 1-октябрга чейин япон маданиятынын күзгү фестивалы өтөт. Иш-чара Япониянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан мэрия, кыргыз-япон инсандык өнүгүү борбору жана япон фонду менен биргеликте өткөрүлөт.

Япон маданиятынын фестивалынын алкагында ар кандай маданий иш-чаралар өтөт: “Митико Хамасакинин каллиграфия дүйнөсү”, “Бон” бийинин фестивалы” жана япон маданияты боюнча мастер-класстар.

Бардык каалоочулар иш-чарага катышууга чакырылат. Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий