• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте үйдөн өрт чыгып, бир адам түтүнгө ууланган

Кырсык 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Бишкекте Кулиев көчөсундө 2 кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, анын 40 чарчы метри күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен ижарачы 1961-жылы туулган эркек киши түтүнгө ууланып, медицина кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүшкөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий