• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте II “Заманбап светтик мамлекеттеги ислам” эл аралык конференциясы өтөт

Коом 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Бишкек шаарында 15-16-ноябрда КРнын Президентинин колдоосу менен “Заманбап светтик мамлекеттеги ислам” 2-эл аралык конференциясы өтөт. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Конференциянын максаты актуалдуу маселелерди талкуулоо жана заманбап мусулман коомчулуктарындагы мамилелерди гармониялаштырууга жолдорду издөө, диний тармактагы демократиялык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, экстремисттик идеяларды радикалдаштыруу жана жайылтуунун алдын алуу.

Жыйынга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, Азия, Африка, Европа жана Америкадан дин маселелери, радикалдаштыруу жана экстремизмдин алдын алуу боюнча академиялык жана эксперттик коомчулуктардын өкүлдөрү катышат.

Анын алкагында диний билим берүүнүн үлгүлөрү, ЖМКларды дин маселелерин чагылдыруу, жаштардын жана аялдардын мультимаданий коомдогу орду жана ролу талкууланат.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу документти кабыл алуу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий